Жаңы Зеландияда кызамык менен ооругандардын саны миңге жетти

Жаңы Зеландияда кызамык оорулууларынын 877си өлкөнүн эң чоң шаары Оклендден чыкты.

1264435
Жаңы Зеландияда  кызамык менен ооругандардын саны миңге жетти

Жаңы Зеландиянын саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө чыккан кызамык эпидемиясынын январь  -  сентябрь айларында рекорддук деңгээлге жеткендигин жана оорулуу санынын 1051ге жеткендигин жарыялады.

Жаңы Зеландияда кызамык оорулууларынын 877си өлкөнүн эң чоң шаары Оклендден чыкты.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Жаңы Зеландияда 1 – 50  жаштардын арасындагы эмдөөсүз бардык жарандарды эмделүүгө жана кызамык болгон кишилерди ооруну башка кишилерге жугузбоо үчүн үчүн жумуштан, мектептен же элге ачык жерлерден алыс болууга чакырды. Министрлик өзгөчө Оклендге барарда эң аз эки жума мурда эмдөө алууну сунуш кылды.

АКШ ооруну коргоо жана илдеттерин алдына алуу борбору да Жаңы Зеландияга баргандан мурда эмдөө алууну камтыган сунушту жарыялады.

Жөтөл, температуранын чыгышына жол ачкан, жугуштуу  болгон кызамык ишенимдүү жана таасирдүү эмдөөлөргө карабастан акыркы бир канча жылда кээ бир өнүккөн өлкөлөрдө кайрадан ортого чыкты.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун билдиргенине караганда жалпы дүйнөдө 2019 -  жылдын биринчи үч айында чыккан оорулуу саны өткөн жылга караганда төрт эсе дагы өстү.



Тектеш кабарлар