Мурсинин уулу жүрөк пристубунан каза болду

Мурси үй  - бүлөсүнүн адвокаты Абдулмуним Абдулмаксут да Абдуллах Мурсинин каза болгондугуна байланыштуу кабарды ырастады.

1263958
Мурсинин уулу жүрөк пристубунан каза болду

Египетте абакта каза болгон, өлкөнүн демократиялык жолдор менен шайланган биринчи президенти Мухаммед Мурсинин кичүү уулу Абдуллах Мурси жүрөк пристубунун айынан каза болду. Анадолу агенттигине маалымат берген Мурсинин улуу уулу Ахмед Мурси  иниси Абдуллахтын жүрөк пристубунан улам жаткырылган ооруканада каза болгондугун билдирди. 

Мурси үй  - бүлөсүнүн адвокаты Абдулмуним Абдулмаксут да Абдуллах Мурсинин каза болгондугуна байланыштуу кабарды ырастады. 

Мухаммед Мурси июнь айында сот залында болгон жүрөк пристубунан каза болгон. Нежла Махмуд менен үйлөнгөн Мухаммед Мурсинин Ахмед, Шейма, Өмер, Үсаме жана Абдуллах атында беш баласы болгон. 

 



Тектеш кабарлар