Он жылга жакын начар тамактанган бала угуу жана көрүү жөндөмдүүлүгүн жоготту

Британияда 17 жаштагы бир жаш бала 10 жылга жакын убакыт начар тамактанганы  үчүн көрүү жана угуу жөндөмдүүлүгүн жоготту.

1263718
Он жылга жакын начар тамактанган бала угуу жана көрүү жөндөмдүүлүгүн жоготту

Британияда 17 жаштагы  жаш бала 10 жылга жакын убакыт начар тамактанганы  үчүн көрүү жана угуу жөндөмдүүлүгүн жоготту.

БибиСинин түрк тилиндеги кабарын караганда дарыгерлер ички ооруларын аныктоо отчетунда орун берген ооруда жаш баланын картошка чипсы, ак нан жана иштетилген эт менен тамактануусунун натыйжасында 15 жашынан бери көрүү жана угуу жөндөмдүүлүгүн жогото баштагандыгын жазган.  Жаш бала керексиз нерселерди жегендиктен витамин жоготкондугу аныкталып, мунун да балада оптикалык жабыркоо (нерв оорусу) жараткан.

Аты билдирилбеген баланы дарылаган Бристоль университетинин улуттук саламаттык сактоо кызматтарында иштеген доктор Денизе Атан начар тамактануу менен көрүү жөндөмдүүлүгүн жоготуунун ортосундагы байланыштын  жетиштүү эмес экендигин айтты.

Доктор Атан : «В витамини жана жездин жетишсиздиги да көрүү жана угууну жоготууга себеп болушу мүмкүн»,- деди. Доктор Атан жаш баланын сөөктөрүндөгү күчсүздүктүн да Д витамининин кемчилигинен чыккандыгын, жетеринче балык майы, быштак жана жумуртка жебегендик менен байланыштуу экендигин айтты.



Тектеш кабарлар