АКШ Индия менен Пакистанга чакырык салды

АКШ Жамму Кашмирдеги акыркы кырдаалга жакындан байкоо салып жатат.

1261095
АКШ Индия менен Пакистанга чакырык салды

АКШнын Мамлекеттик катчылыгы Жамму Кашмирдеги акыркы кырдаалга жакындан байкоо салып жаткандарын белгилеп, Индия менен Пакистанды тынчтанууга чакырды.

Катчылыктын жооптуу кызматкерлери Анадолу агенттигине берген жазуу түрүндөгү маалыматында, Кашмирдеги кырдаалдын аймактагы ыраатсыздыкты күчөткөнүнө көңүл буруп, Индиянын Кашмирге карата кадамдарына санааркап жаткандарын билдиришти.

Аймактын элине карай уланган кысым жана камакка алууларга тынчсызданып жаткандарын баса белгилешкен тийиштүү кызматкерлер: «Адам укуктарына баш ийүү, юридикалык жол-жоболорду сактоо жана бул абалдан таасирленгендер менен диалог баштатылышы темасында чакырык салабыз. Индиянын премьер-министр Модинин Жамму Кашмирдин кыска мөөнөттүн ичинде калыбына келе турганы жөнүндөгүү билдирүүсүнө кубандык»,-деп айтышты.

Билдирүүдө: «Индия менен Пакистандын ортосунда Кашмир жана берки санаркатуучу маселелер боюнча түздөн-түз диалог курулуусун колдойбуз»,-делди.



Тектеш кабарлар