БУУнун Йемен боюнча эскертүүсү

БУУнун Коопсуздук кеңешин Йемендеги кырдаалдар тууралуу маалыматтандырган Мартин Гриффитс, Сана, Таиз, Ал-Жавф, Ал-Байда, Хажжах жана Ал-Далиде кагылышуулар уланып жатканын айтты.

1255849
БУУнун Йемен боюнча эскертүүсү

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Йемен боюнча атайын өкүлү Мартин Гриффитс, Йеменде уланган кагылышуулардын аянттагы абалы ылдам өзгөргөнүн жана өлкөнүн бөлүнүү коркунучуна туш болгону менен эскертти.

БУУнун Коопсуздук кеңешин Йемендеги кырдаалдар тууралуу маалыматтандырган Мартин Гриффитс, Сана, Таиз, Ал-Жавф, Ал-Байда, Хажжах жана Ал-Далиде кагылышуулар уланып жатканын айтты.

Берилген убадаларга карабастан Сана аэропортунун дагы деле ачылбаганын, «Худейде» келишиминин жетиштүү түрдө ылдам ишке ашырылбаганын, Таиз темасында жетишилген келишим жана туткун айырбаштоо тууралуу так кадамдар ташталбаганын баса белгилеген Мартин Гриффитс, хусилердин Сауд Арабиядагы жарандык инфраструктураны атайылап бутага алган кол салууларын жана Бириккен Араб Эмирликтери колдогон Түштүк Өткөөл Кеңешине караштуу күчтөрдүн Адендеги өкмөттүк имараттарын колго алууга карай аракеттерин айыптады.

Мартин Гриффитс, Йемендин социалдык түзүлүшүнүн зыян тартканына, соккунун жана кагылышуулардын өлкөнүн түштүгүндөгү берки облустарга чачырай ала турганына көңүл буруп, «Йемендин бөлүнүү коркунучу барган сайын күчөп баратат, ушул себептен тынчтык процессинин ылдамдытылышына ар дайым болгондон дагы көп муктаждык бар. Корото турган убакыт жок»,-деди.

БУУнун башкы катчысынын гуманитардык иштер боюнча орун басарларынан Урсула Мюллер болсо Аденде өкмөт күчтөрү жана Түштүк өткөөл кеңешине караштуу күчтөрдүн ортосундагы кагылышууларда эң аз 300 жарандын каза болгонун же жаракат алганын айтты.



Тектеш кабарлар