Буркина-Фасодо террордук кол салуу; 24 аскер көз жумду

Жергиликтүү басма сөздөгү маалыматтарга караганда армиянын маалымдашынча мурдагы түнү куралчан кишилердин Коутоугоу жергесиндеги аскердик базага кол салып 24 аскердин каза тапканы, 7 аскердин жаракат алганы белгиленди.

1255898
Буркина-Фасодо террордук кол салуу; 24 аскер көз жумду

Буркина-Фасонун түндүгүндөгү Соум провинциясында мурдагы күнү аскердик база бутага алынган кол салууда 24 аскер көз жумду.

Жергиликтүү басма сөздөгү маалыматтарга караганда армиянын маалымдашынча мурдагы түнү куралчан кишилердин Коутоугоу жергесиндеги аскердик базага кол салып 24 аскердин каза тапканы, 7 аскердин жаракат алганы белгиленди.

Жарыяда кол салууну кылгандарга карай кургактыктан жана абадан операция башталганы билдирилди.

Буркина-Фасонун президенти Рок Марк Кристиан Каборе да, кол салуудан кийин жогорку рангадагы аскердик жооптуу кызматкерлер менен коопсуздук жыйналышын өткөрдү.

Каборе, жыйналыштан кийин берген маалыматында террорго каршы согуштун узун мөөнөттүү болоорун белгилеп, «Буркина-Фасо террордун бутасы болгон аймактарды жалгыз калтырбайт»,-деп айтты.

«Террордук кол салуу» деп мүнөздөлгөн кол салуунун, армиянын тарыхында кара так боло турганын айткан Каборе: «Бул Коутоугоу базасында болгон эң көп жоготуу. Бул сан Буркина Фасо калкын жана өкмөтүн капага салды»,-деп айтты.

Улам арткан террор окуяларынын себебинен Буркина-Фасонун түндүгү, Сахел аймагы менен батыш жана ортоңку аймактарында 2019-жылдын 1-январынан тарта өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Өзгөчө кырдаал чечими 13 аймактан турган өлкөнүн 7 аймагында ишке ашырылууда.



Тектеш кабарлар