Гренландия «сатыкта эмес», Трамп эсиңе кел...

Трамптын аралды сатып алгысы келгени жөнүндөгү кабарлар боюнча Гренландиянын тышкы иштер министрлигинен жазуу түрүндө маалымат берилди.

Гренландия «сатыкта эмес», Трамп эсиңе кел...

Түндүк Уюлда Данияга караштуу автономиялуу аймак Гренландия, АКШнын президенти Дональд Трамптын аралды сатып алуу талабына байланыштуу кабарларга каршылык көрсөтүп «сатыкта эмеспиз» жообун берди.

Трамптын аралды сатып алгысы келгени жөнүндөгү кабарлар боюнча Гренландиянын тышкы иштер министрлигинен жазуу түрүндө маалымат берилди.

Анда, «Гренландия, минералдар, таза суу жана муз, балык запастары, деңиз продукциялары, энергиянын кайра жаралуусу сыяктуу баалуу булактар жагынан бай жана укмуштар туризми үчүн жаңы жер болуп саналат. Иштөөгө ачыкпыз бирок «сатыкта эмеспиз»,делди.

Айрыкча Гренландиянын эл өкүлү Айя Хемниц Ларсен, социалдык медиа барагы Твиттер аркылуу Трамптын чуу салган бул талабына каршылык көрсөтүп, «Дания менен дагы жакшы жана дагы тең ата өнөктөштүк куруу жүргүзүлсө боло турган жол», деген серебин салды.

Даниялык саясатчылар да Трамптын Гренландияны алууну каалаганы жөнүндөгү кабарларына каршылык көрсөтүшсө, Даниянын мурдагы премьер-министри Ларс Локке Расмуссен: «Бул 1-апрель тамашасы болуш керек, бирок эч убагы эмес»,-деп мыскылдады.



Тектеш кабарлар