Орусияда 4 күн иштөө системасына өтүлмөкчү

Бул система кабыл алынса орустар жумасына 4 күн гана иштешет.

1252459
Орусияда 4 күн иштөө системасына өтүлмөкчү

Орусияда иштегендердин өздөрүнө жана үй-бүлөлрүнө дагы көбүрөөк убакыт бөлүшү, жумушсуздук катнашын төмөндөтүү сыяктуу себептер менен жумасына 4 күн иштөө системасына даярдык көрүлүп жатат.

Бул система кабыл алынса орустар жумасына 4 күн гана иштешет.

Бийликтеги Бирдиктүү Орусия партиясы да колдогон сунуш, жумасына 5 күндүн ордуна 4 күн иштөөнү көздөйт.

Анын максаты жумушсуздуктун алдын алуу, жашоо сапатын жогорулатуу жана иштегендердин өздөрүнө жана үй-бүлөлөрүнө жетиштүү убакыт бөлүүсү болуп саналат.

Июнь айында жарыяланган коомдук пикирди сурамжылоодо, орус элинин 43 пайызынын жумасына 4 күн иштөө системасына каршы чыкканы жана мындай болгон учурда айлык акы азая турганы менен санааркаганы белгилүү болгон.

Ал эми орус элинин санааркоолорунун тескерисинче жаңы системада иштегендердин айлык акылары төмөндөбөй турганы айтылууда.

Жаңы системанын мыйзам долбоору тууралуу иштердин сентябрь айында башталышы пландалууда. Жумасына 4 күн иштөө системасын ишке ашырууга баскычтуу түрдө өтүлүшү пландалууда, ушундайча жумуш менен камсыздагандар жана жумушчулар жаңы системага көнүп кетишмекчи.



Тектеш кабарлар