Ливияда Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнөн чакыруу

Улуттук Макулдашуу Өкмөтү эл аралык коомчулукту өлкөнүн чыгышындагы куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтердин Триполиге карата кол салууларына кийлигишүүгө чакырды.

1251681
Ливияда Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнөн чакыруу

 Ливия Улуттук Макулдашуу Өкмөтү эл аралык коомчулукту өлкөнүн чыгышындагы куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтердин Триполиге карата кол салууларына кийлигишүүгө чакырды.

Ливия Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнө карашту тышкы иштер министрлигинин социалдык медиа эсебинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта эл аралык коомдон аймактагы террордук кыймылдардын акырына чыгарылышы үчүн Халифе Хафтердин Триполиге карата кол салууларына кийлигишүүсү суранылды.

Аймакта коопсуздук тууралуу хаостун болгондугу, бул абалга Триполиге карата кол салуулар менен аскердик жана коопсуздук мекемелериндеги бөлүнүүлөрдүн себеп болгондугу билдирилди.

Ливиянын чыгышындагы Бенгази шаарында бомба жайгаштырылган унаа менен кечээ жасалган кол салууда БУУнун кызматкери 3 киши каза болуп, 3 кызматкери жана көп сандаган жаран жараланган. Бомбалуу кол салуунун БУУнун Ливия колдоо миссиясынын конвоюн бутага алгандыгы белгиленген. Генерал  Халифе Хафтер борбор Триполини колго алуу үчүн 4 -  апрелде кол салуу буйругун берип ушул боюнча эл аралык мыйзамдуулукка ээ Ливия Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн бөлүктөрү каршы операция баштаган.



Тектеш кабарлар