Аэропортто 2, 8 миллион долларлык алтын кармалды

Бажы кызматкерлери 2, 8 миллион долларлык экендиги белгиленген 60 килограммдык алдынды конфискациялады.

1248989
Аэропортто 2, 8 миллион долларлык алтын  кармалды

Камерундун эң чоң соода шаары Дуаладагы эл аралык аэропортунда 2, 8 миллион долларлык алтын кармалды. Кот-д'Ивуар тектүү Коачи интернет сайтынын кабарына караганда бажы кызматкерлери Эфиопия аба жолдоруна таандык бир учактын  жүргүнчүлөргө таркатылган жууркандардын ичинде жашырылган алтындын бар экендигин байкашты.

Бажы кызматкерлери 2, 8 миллион долларлык экендиги белгиленген 60 килограммдык алтынды конфискациялады.

Бажы булактары алтындардын Кытай же Дубайга жиберүү үчүн аэропортко алып барылышы мүмкүн экендигин белгиледи.

Табылган алтындын өлкө тарыхында ушул кезге чейин конфискацияланган эң чоң көлөмдө экендиги билдирилди.

Атлас океанынын жээгиндеги Дуала жана жакынындагы Лимбе шаарында нефть, алюминий жана алмаз, алтын резервдери бар.



Тектеш кабарлар