Орусиядагы өрт 3 миллион 71 миң гектар жерди күлгө айлантты

Азыркы учурда Якутияда 1,1 миллион, Красноярскта 1 миллион, ал эми Иркутскта 700 миң гектар токой күйүп кетти.

1247019
Орусиядагы өрт 3 миллион 71 миң гектар жерди күлгө айлантты

Орусиянын Сибир аймагынын чыгышында өткөн жумада башталган өрт 3 миллион 71 миң гектар жерди күлгө айлантты. Кургакчылыктан улам өрттү бүгүнкү күнгө чейин өчүрө алышкан жок.

Өрттүн эң өрчүгөн жери Якутия жана Красноярск аймактары.

Азыркы учурда Якутияда 1,1 миллион, Красноярскта 1 миллион, ал эми Иркутскта 700 миң гектар токой күйүп кетти.

Күйгөн токойдун жалпы аянты Бельгиянын, ал эми өрттүн таасири алдында калган жердин көлөмү Португалиянын жалпы аянтына барабар.

Россиянын Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги  түрдүү 38 аймакта 800дөн ашык отурукташкан калктын түтүндөн жабыр тарткандыгын билдирди.

Өрт өчүүрүүгө 9 миңден ашык киши, 2 миң 800 өрт өчүрүүчү каражат жана 28 өчүрүүчү учак активдуу катышып жатат.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин буйругу менен 10 учак жана 10 вертолет өрт өчүрүү иштерине катышты. Ошондой эле жергиликтүү калк да өрт өчүрүүгө жардамдашып жатат.

Ыйгарымдуу укук ээлери чукул кырдаал жарыяланган Иркутск, Красноярск, Якутия жана Бурятия аймактарында өрттү алдын алуу иштери жүргүзүлбөгөндүктөн өрттүн бүгүнку күнгө чейин  өчүрүлбөгөндүгүн билдирди.

Жыл сайын табигый себептерден улам чыккан өрттөрдү, бул жай мезгилиндеги кургакчылыктын себебинен алдын алуу мумкун болбогондугу кошумчаланды.

Орусиядагы миңдеген километрлерге жайылган түтүн өлкөдө жашаган адамдардын жашоосуна терс таасирин тийгизди. Кошуна жайгашкан Монголия, Аляска жана Канаданын батыш аймактары да түтүн алдында калды.

Экологиялык тең салмактуулукка терс таасирин тийгизген бул ири өрт, аймактагы бир нече жаныбарлардын түрүнө да зыян келтиргендиги билдирилди.


Этикеткалар: #Кургакчылык , #өрт , #Орусия

Тектеш кабарлар