АКШда бир жылда 911 бала үй бүлөлөрүнөн ажыратылды

Бул балдардын көпчүлүгүнүн АКШ саламаттык жана социалдык тейлөө министрлигине караштуу байкоо борборлорунда экендиги билдирилди.

1246384
АКШда бир жылда 911 бала үй  бүлөлөрүнөн ажыратылды

 АКШнын президенти Дональд Трамп башкаруусунун Мексика чека арасындагы качкындарга карата саясаттарынын негизинде өлкөдө акыркы бир жылда 900дөн ашуун бала үй  - бүлөлөрүнөн ажыратылды.

Американын жарандык эркиндиктер биримдиги алган өкмөт каттоолорунун анализинде 2018 – жылдын 26 – июнь жана  2019 -  жылдын 29 -  июнунда  911 баланын 844 үй  - бүлөдөн ажыратылгандыгы белгиленди.

 Үй – бүлөлөрдөн алынган балдардан 481нин 10 жаштын, 185нин да 5 жаштын астындагы балдар экендигине көңүл бурулуп, балдардын жаш ортоломосунун 9 экендиги билдирилди.

Бул балдардын көпчүлүгүнүн АКШ саламаттык жана социалдык тейлөө министрлигине караштуу байкоо борборлорунда экендиги билдирилди.

Бир тараптан 97 баланын орточо 85 күндөн кийин үй  бүлөлөрүнө, 40 баланын да «алыскы туугандарына» же «тууган болбогон спонсорлорго» тапшырылгандыгы белгиленди.

Өткөн жылы Америка жарандык эркиндиктер биримдигинин бул тууралуу нааразычылыгын карап чыккан АКШ федералдык аймак сотунун соту Дана Саброу өлкөгө мыйзам тышы жолдор менен кирген балдардын үй  бүлөлөрүнөн ажыратылышынын жана балдардын үй  бүлөлөлү менен кайрадан бириктирилишинен кийин өлкөдөн чыгарылышынын «убактылуу» түрдө токтотулушуна чечим чыгарган.  



Тектеш кабарлар