Сириядагы кыргынды көрмөксөнгө салган БУУнун Коопсуздук кеңеши сынга алынды

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын  гуманитардык иштер боюнча  орун басары Марк Ловкок, БУУнун Коопсуздук кеңешин Сириядагы адамдардын ал-абалы тууралуу маалыматандырды.

1245731
Сириядагы кыргынды көрмөксөнгө салган БУУнун Коопсуздук кеңеши сынга алынды

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын  гуманитардык иштер боюнча  орун басары Марк Ловкок, Сирияда режимдин жана Орусиянын чыңалууну азайтуу аймагы болгон Идлибди 90 күндөн бери бомбалап жатканы кыргынга себеп болгонун белгилеп, “ Спутник желеси 17 айылдын толук кыйраганын жана ээн калганын көрсөттү”,-деди.

БУУнун Коопсуздук кеңешин Сириядагы адамдардын ал-абалы тууралуу маалыматандырган Ловкок, Идлиб чыгалууну азайтуу аймагында уланып жаткан кол салууларга токтолуп, абадан кол салуулуларды уюштурган режим жана колдоочусу Орусия менен бул абалга карата чара көрбөгөн БУУнун Коопсуздук кеңешине сын пикирин билдирди.

БУУнун бир канча ирээт жасаган эскертүүлөрүнө карабай жергиликтүү мектеп жана ооруканаларга кол салуулардын уланып жатканын айткан Ловкок: “ Сирия өкмөтү жана Орусиянын чыңалууну азайтуу аймагы Идлибди 90 күндөн көп убакыт бомбалооуу кыргынга себеп болду”,-деди.

Түшүнбөстүктөр себеп болгон жоготуулардын спутник көрүнүштөрүн ортого салган Ловкок: “Дээрлик бардык имараттар үч айда кыйрады. Спутник желеси 17 айылдын толук кыйраганын жана ээн калганын көрсөттү”,-деп айтты.

Ловкок, өзгөчө террор кыймылы Хейет Тахрир Шамдын Идлиб аймагында болгонун, бирок ар бир террор кыймылынын мүчөсү жайгашкан жерде жок дегенде 100 жергиликтүү тургун жашаарын  белгиледи.

Идлиб кол салууларына үнсүз калган БУУ Коопсуздук кеңешин дагы сындаган Ловкок мындай деди:“Коопсуздук Кеңеши бүгүнкү күнгө чейин жасалган бардык чакырууларды көрмөксөнгө салып келди. Эмнелер болуп жатканын көрүп туруп көз алдыңарда болуп жаткан кыргынга эч кандай аракет көрүлгөн жок. БУУ Адам укуктары боюнча жогорку комиссары  Мишель Бачелеттин да дегени сыяктуу ийин куушуруп турасыңарбы же Идлибдин балдарына кулак салып бир нерсе кыласыңарбы?”

Сириянын түндүк батышындагы Идлиб аймагы дээрлик жарандык согуштардын башынан бери оппозициячылардын коргонуу дубалы катарында. Учурда ички миграциянын эсебинен 4 миллионго жеткен Идлибдин борбору 2015-жылдын мартынан бери оппозициячылдардын колунда. Идлиб режимдин аябай көп кол салган аймактарынын башында турат.

Сирия Адам укуктары желесине ылайык режим жана аны колдоочулардын Идлиб чыңалууну азайтуу аймактарында 26-апрелден 12-июлга чейинки аралыктагы кол салууларда 157 жаш бала, 111 аял болуп, жалпы 606 жергиликтүү жаран көз жумду.



Тектеш кабарлар