10 өлкө чакырык салды

Сирияда режим күчтөрү жана Орусия согуш кылмышын кылдыбы?

1245247
10 өлкө чакырык салды

 

БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө 10 өлкө, Сирияда чыңалууну азайтуу аймагы Идлибдеги ооруканаларга карай кол салууларга байланыштуу баш катчы Антонио Гутерришке териштирүү баштатуу чакырыгын салышты.

БУУнун коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү АКШ, Англия, Франция, Германия, Бельгия, Перу, Кувейт, Польша, Доминик Республикасы жана Индонезия, Идлибде режим күчтөрү жана анын колдоочусу Орусиянын ооруканаларга карай кол салууларына байланыштуу териштирүү жүргүзүүгө чакырышты.

Бул чакырыкка Адам укуктарын көзөмөлдөө уюму да колдоо көрсөттү. Уюмдун БУУдагы директору Луис Шарбонно жазуу түрүндө маалымат берип, БУУ оорукалардын координаттарын Орусия, режим жана берки тараптар менен бөлүшкөнүнө карабастан ооруканалардын бир канча жолу бомбалангандыгын жана Гутериштин ылдам түрдө териштирүү баштатуусу керек экенин айтты.

Шарбонно Орусия менен режим күчтөрү координаттарды ооруканаларды бутага алуу үчүн колдонгон болсо «согуш кылмышын» кылганын жана мунун жоопкерчилигин алышы керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар