Алексей Навальный кайрадан абакка алып барылды

Орус оппозиция лидери Алексей Навальный ооруканадан чыгарылып абакка кайра алып барылды.

1244421
Алексей Навальный кайрадан абакка алып барылды

Орус оппозиция лидери Алексей Навальный  дарыгеринин каршы чыкканына карабастан ооруканадан чыгарылып абакка кайра алып барылды.

Сентябрь айында боло турган жергиликтүү шайлоо үчүн парламенттин мүчөлүгүнө талапкерлик үчүн кайрылган оппозициячыл ысымдардын талапкерликтеринин кабыл алынбашы менен башталган митингдер улантылып, оппозициячыл лидер Навальный оболу байкоого андан кийин бир айлык камоого алынган. Жаткан абакта ооруп калган жана кечээ ооруканага жаткырылган Навальный аллергиялык реакция өткөргөндүгү билдирилип жандандыруу бөлүмүндө дарылануусун улантып жаткан.

Оппозициячыл лидер ооруканага жаткырылгандан кийин кечээ келип көргөн дарыгери Навальныйдын ууланышы мүмкүн экендигин айткан. Бирок Навальный бүгүн докторунун каршы чыкканына карабастан ооруканадан чыгарылып абакка алып барылды.



Тектеш кабарлар