АКШда Трамптын жикчилдик боюнча айтымдары талаш жаратууда

Элайдж Каммингсти өкүлдүк кылган Мэриленд штатынын Балтимор аймагындагы жакырчылык жана артта калууну жоюу темасында эч нерсе кылбаганы менен күнөөлөгөн Трамп, демократтардын «жикчилдик көзүрүн ойногонун» жактады.

1243967
АКШда Трамптын жикчилдик боюнча айтымдары талаш жаратууда

АКШнын президенти Дональд Трамп менен демократтардын ортосундагы жикчилдик боюнча талаш тартыштар күчөп баратат.

Дональд Трамп, өлкөнүн афро-америкалык катнашы эң жогору жана  кылмыш катнашы менен көңүлдү бурган аймактарынан Балтимор аймагынын эл өкүлү Элайж Каммингске карай сындоолорун күчөттү.

Элайдж Каммингсти өкүлдүк кылган Мэриленд штатынын Балтимор аймагындагы жакырчылык жана артта калууну жоюу темасында эч нерсе кылбаганы менен күнөөлөгөн Трамп, демократтардын «жикчилдик көзүрүн ойногонун» жактады.

Трамп: «Элайж Каммингстин Балтимор эли үчүн мынчалык аз нерсе жасаганы канчалык өкүнүчтүү. Статистикалык жактан алганда Балтимор дээрлик бардык нерседе артта келе жатат. Элайж Каммингс Балтимордун бардык нерсесинен пайдаланып эч нерсе кылган жок, бирок эми эл бул темада барган сайын маалымдуу болууда»,-деген серебин салды.

Трамп башка бир маалымдоосунда болсо, «Демократтар урматтуу Афро-Америкалык коомчулугубуз үчүн абдан аз нерсени жасап (алар аркылуу) жалаң «жикчилдик көзүрүн» ойноп жатышат. Бүгүнкү күндө АКШ тарыхынын жумушсуздук эң төмөн болгон мезгилиндебиз. Элайж Каммингс болсо абдан ийгиликсиз болду»,-деп айтты.

Элайж Каммингс болсо, «Урматтуу Президент, мен күнүгө өз аймагымдагы үйүмө барамын. Күнүгө эртең менен туруп өз аймагымдын таламын талашууга чуркаймын. Аткаруу бийлигинин милдетин аткарып аткарбаганын байкоо менин конституциялык милдетим. Бирок шайлоо аймагым үчүн күрөшүү менин ахлактык милдетим»,-деп Трампка жооп кайтарды.

Трамп айрыкча Өкүлдөр палатасынын демократ башчысы Нэнси Пелосинин дагы өз аймагы болгон Калифорния менен эч  алектенбегенин, анын ордуна «жасакерлик» деп мүнөздөгөн Орусия териштирүүсүнө көп көңүл бөлгөнүн айтты.

Трамптын айткандарын катуу сынга алган Пелоси болсо Элайж Каммингске шилтеме берип, «Ага багытталган бардык жикчилдик кол салууларын толугу менен четке кагабыз жана анын лидерлигин акырына дейре колдойбуз»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар