Украинада болгон эрте парламенттик шайлоо

Шайлоодо президент Владимир Зеленскийдин партиясы добуштардын 43, 9 пайызын алды.

1239881
Украинада болгон эрте парламенттик шайлоо

Украинада эрте парламенттик шайлоодо президент Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясы добуштардын 43, 9 пайызын алып алдыга чыкты.

Өлкөдө кечээ болгон эрте парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктады.

Президент В. Зеленский кызматын баштагандан кийин парламентти таркатышы менен өткөрүлгөн жана 22 партия катышкан шайлоодо үкөктөр жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө жабылды.

Улуттук сурамжылоонун жыйынтыгына караганда Зеленскийдин «Элдин кызматчысы» партиясы 43, 9 добуш алып алдыга чыкса, Орусия тараптары  «Оппозициялык платформа» 11, 5 пайыздык добуш менен экинчи орунду алды.

Мурунку президент Петр Порошенконун партиясы «Европа тилектештиги» паритиясы болсо 8,9 добуш, мурунку премьер  - министр Юлия Тимошенконун "Батькивщина" партиясы 7, 6 пайыздык добуш, рок группасы Океан Эльзинин солистти Святослав Вакарчуктун партиясы «Добуш» 6, 3 пайыздык добуш алды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский  май айында кызматын баштагандан кийин 8 -  мезгилдик Украина парламентин таркаткан жана 21 -  июлда эрте парламенттик шайлоонун өткөрүлүшүн күткөн жарлыкка кол койгон.

 



Тектеш кабарлар