Ливияда Улуттук Макулдашуу Өкмөтү Хафтер күчтөрүнө кол салды

Ливиянын чыгышындагы куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтер Триполини алуу үчүн 4 -  апрелде кол салуу буйругун берген.

1240013
Ливияда Улуттук Макулдашуу Өкмөтү Хафтер күчтөрүнө кол салды

Ливияда  Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнө караштуу аба күчтөрү пенсиядагы генерал Халифе Хафтер жактоочусу күчтөрдүн борбор шаар Триполинин түштүгүндө жайгашкан жерлерине абадан кол салды.

Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн Халифе Хафтерге каршы баштаган Буркан ел  - Гадап операциясынын катчысы Мустафа ел  - Межи аба күчтөрүнүн борбор шаардын түштүгүндөгү Вади ер   - Раби, Ес  - Себиа жана мурунку аэропорт аймактарындагы Хафтер күчтөрүн бутага алгандыгын айтты.

Межи кол салууларда көп сандаган аскердик унаанын жараксыз болгондугун белгиледи. Межи Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн күчтөрү ээ болгон аскердик учактар жана байкоо аппараттары менен Хафтерге таандык алыскы аймактардагы күчтөрдүн да бутага алына аларын белгиледи.

Ливиянын чыгышындагы куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтер Триполини алуу үчүн 4 -  апрелде кол салуу буйругун берген, ушул боюнча борбор шаардагы эл аралык тануучулукка ээ Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнө караштуу бөлүктөр да каршы операцияга өткөн.



Тектеш кабарлар