Иран Алжирге таандык мунай зат ташуучу танкерин эркин кое берди

Тегеран бийлиги менен Алжир бийлиги сүйлөшкөндөн кийин эркин кое берилди.

1239517
Иран Алжирге таандык мунай зат ташуучу танкерин эркин кое берди

Иран, Хүрмүз кысыгында кармап алган Алжирге таандык мунай зат жана жаратылыш газ өндүрүүчү фирмасы Sonatrachка таандык мунайзат ташуучу танкерин эркин кое берди.

Sonatrach жооптуу кызматкерлеринен алынган маалыматка караганда Ирандын Жээк коопсуздугу күчтөрү мурдагы күнү кечинде фирмага таандык мунай зат ташуучу танкерин бир канча саатка кармап турган.

Тегеран бийлиги менен байланыш курулгандан кийин эркин кое берилди жана Сауд Арабиядагы Ra's Tennure май тазалоочу жайына бет алды.

Алжирдин расмий маалымат агенттиги APSде орун алган маалыматка караганда Ирандын Sonatrachтын 2 миллион баррель мунай зат ташуу көлөмү бар танкерин май жүктөө үчүн Сауд Арабияга бара жатканда Хүрмүз кысыгында кармап алып койгону белгиленген.



Тектеш кабарлар