Иракта түрк консулдук кызматкерлерине кол салуу болду

Кол салууда бир дипломат шейит болду

1237426
Иракта түрк консулдук кызматкерлерине кол салуу болду

Ирактын түндүгүндөгү Эрбил шаарында түрк консулдук кызматкерлери да болгон ресторанга куралдуу кол салуу болуп 1 түрк дипломат шейит болду. 
Кол салууда бир кишинин да жаракат алгандыгы белгиленди. 
Окуя болгон жерге көп сандаган коопсуздук күчтөрү жөнөтүлсө, кол салууну ишке ашырган террорист жок кылынды. 
Ресторандын ээсинин айтымына караганда, консулдуктун кызматкерлери ичкери киргенден кийин үстүндө эки курал ташыган кол салгыч, түздөн-түз консулдуктун кызматкерлерин бутага алып ок атты. 
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Твиттер баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө кол салууну айыптады. 
Эрдоган билдирүүсүндө: «Эрбилде консулдук кызматкерлерибизге болгон кол салууну айыптаймын. Кол салууда шейит болгон кызматкерибиздин жаткан жери жайлуу болушун тилеймин. Кол салуунун шектүүлөрүнүн тез арада табылуусу үчүн Ирак органдары жана жергиликтүү жооптуу кызматкерлердин негизинде иш аракеттерибиз уланып жатат»,-деп айтты. 
Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да билдирүүсүндө: «Бул мыкаачылык кол салууну ишке ашыргандарга керектүү жооп кайтарылат»,-деди. 

 


Этикеткалар: #Ирактын

Тектеш кабарлар