Hayabusa 2 Рюгу астероидине экинчи жолу конду

Космостук кораблдин Күн системасынын пайда болушу тууралуу  маалыматтарды чогултуп жер шарына кайтышы пландалууда.

1234199
Hayabusa 2 Рюгу астероидине экинчи жолу конду

 Япониянын Hayabusa 2 космостук корабли экинчи жолу Рюгу астероидине конду.

Япон космостук изилдөөлөр агенттигинен берилген маалыматта Hayabusa 2 космостук кораблинин апрель айында Рюгунун бетиндеги кратерге конгондугу белгиленди.

Маалыматта Hayabusa 2нин Рюгу астероидине экинчи жолу конушунда Күн системасынын пайда болушу тууралуу маалыматтарды чогултуу милдетин ийгиликтүү аяктап астероидден кеткендиги белгиленди.

Жер шарынан 280 километр алыстыктагы Рюгуга 22 -  февралда биринчи жолу конгон  Hayabusa 2  апрель айында таштаган жарылуучу зат менен астероиддин бетинде жасалма кратерди пайда кылган.

Космостук кораблдин Күн системасынын пайда болушу тууралуу  маалыматтарды чогултуп жер шарына кайтышы пландалууда.



Тектеш кабарлар