Дональд Трамп менен Беньямин Нетаньяху телефон аркылуу сүйлөштү

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Израилдин премьер – министри Беньямин Нетаньяху Иран тууралуу акыркы абалдарды сүйлөштү.

1234747
Дональд Трамп менен Беньямин Нетаньяху телефон аркылуу сүйлөштү

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Израилдин премьер – министри Беньямин Нетаньяху Иран тууралуу акыркы абалдарды сүйлөштү.

Ак үйдүн катчысынын орун басары Джадд Дир Трамп  - Нетаньяху сүйлөшүүсү тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди. Дир билдирүүсүндө : «Президент Трамп менен Израилдин премьер  - министри Нетаньяху телефон аркылуу сүйлөштү. Эки лидер Ирандын аймактагы зыяндуу кыймылдарына тоскоол болуу аракеттери жана АКШ менен Израилдин ортосундагы орток улуттук коопсуздук кызыкчылыктарын өнүктүрүү максатына карата кызматташууу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты»,- деди.

АКШ менен Ирандын ортосундагы араздашуу улантылып, акыркы болуп Иран башкаруусу өзөктүк келишимде орун алган байытылган уран запасынын көлөмүн ашарын жарыялаган. АКШ башкаруусу болсо бул чечимге катуу каршылык көрсөткөн.



Тектеш кабарлар