БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш Идлиб үчүн чакыруу салды

Антонио Гутерреш Идлиб макулдашуусун ишке ашырууга чакырды.

1234599
БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш Идлиб үчүн чакыруу салды

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш Сириянын түндүк батышында улантылып жаткан жана оорукана менен саламаттык сактоо кызматкерлерин да бутага алган абадан кол салууларды катуу түрдө айыптап, Идлиб макулдашуусун ишке ашырууга чакырды.

БУУнун башкы катчылыгынан берилген маалыматта Сириянын түндүк батышында координаттары тараптар менен андан мурда бөлүшүлгөндүгүнө карабастан эң чоң ооруканалардын бирөө жана бир канча саламаттык сактоо борборлорунун абадан кол салууларда атылгандыгына көңүл бурулду.

Маалыматка караганда жаран жана жарандык базситердин коргоого алынышы, эл аралык адам укугуна сый көрсөтүлүшү керектигин белгилеген Гутерреш оорукана жана саламаттык сактоо кызматкерлерин да бутага алган абадан кол салууларды катуу түрдө айыптады жана Идлиб макулдашуусун ишке ашырууга чакырды.

Башар Асад режиминин Идлиб араздашууну азайтуу аймагынын чектеринин ичиндеги отурукташуу жерлерине кечээ жасалган аба операциясында 5 жаран каза болуп, 27 жаран жараланган. Режимдин колдоочусу Орусия бир тез жардам жана Жарандык Коргоо борборун бутага алган.



Тектеш кабарлар