БУУдан аракандык мулмандар тууралуу чакыруу

БУУнун Адам Укуктары Жогорку Комиссарынын орун басары Кейт Гилмор аракандык мусулмандардын жарандык статустарынын таанылышы үчүн Мьянма өкмөтүнө «чукул кадамдарды» таштоого чакырды.

1234054
БУУдан аракандык мулмандар тууралуу чакыруу

БУУнун Адам Укуктары Жогорку Комиссарынын орун басары Кейт Гилмор аракандык мусулмандардын жарандык статустарынын таанылышы үчүн Мьянма өкмөтүнө «чукул кадамдарды» таштоого чакырды. Гилмор кечээ БУУнун Женева кеңсесиндеги БУУнун Адам Укуктары Кеңешинин 41 – отурумунда сөз сүйлөдү. Мьянмадагы зулумчулуктан качып Бангладешке баш калкалоого мажбур болгон аракандык мусулмандардын кайтышы үчүн Мьянма өкмөтү менен БУУнун ортосунда кол коюлган протоколдун 28 -  майда бир жылга дагы узартылгандыгын эске салган Гилмор кайтуу үчүн Мьянмада ыңгайлуу шарттардын азырынча түзүлө электигин белгиледи. Гилмор Мьянма өкмөтүнүн аракандык мусулмандардын кайтышы үчүн керектүү чөйрөнүн түзүлүшү керектигин, кайтуулар тууралуу негизги меселелерде эч бир кадамдын ташталбагандыгын да баса белгиледи.

Мьянмадагы зулумчулуктан 2017 -  жылдын 31 -  августунан баштап качып Бангладешке баш калкалаган 730 миңге жакын кишинин кыйын шарттарда жашагандыгына көңүлдөрдү бурган Гилмор : «Аракан аймагынын борборунда жашаган жана көпчүлүгү өлкө ичинде жерлеринен кеткен кишилерден турган 126 миң аракандык мусулмандын абалы да ошончолук даражада тынчсыздантуучу»,- деди.

Гилмор : «Мьянма өкмөтү бул абалды терсине айландырып жана аракандык мусулмандардын мекенсиздик маселесин чечүү үчүн чукул кадамдарды таштай алат жана ташташы керек»,- деп аракандык мусулмандардын «жарандык»  статусунун таанылышы жана жерлеринен кеткендердин үйлөрүнө кайтышы үчүн ыңгайлуу шарттардын түзүлүшү керектигин баса белгиледи.

Мьянма өкмөтүнүн өлкөдөгү адам укуктарын бузууну акырына чыгарышы керектигин баса белгилеген Гилмор аракандык мусулмандар жана башка этникалык группаларга карата жасалган оор кылмыштардын туура, так, тарапсыз жана толугу менен териштирилүүсү, бардык кылмышкерлерге мыйзамдын үстөмдүгүнө карата ылайык болгон жазаны берүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар