АКШ Тайванга курал сатат

АКШ Тайванга 2, 2 миллиард долларлык курал сатууну бекитти.

1232724
АКШ Тайванга курал сатат

АКШ Тайванга 2, 2 миллиард долларлык курал сатууну бекитти.

АКШнын коргоо министрлигине караштуу Коргоо Коопсуздук  Кызматташтыгы агенттиги Конгресске тышкы иштер министрлигинин бул курал сатууларын бекиткендигине байланыштуу маалымат берди. Ушуга караганда Тайвандын 2, 2 миллиар долларлык 108 даана Америка M1A2T Abrams танкасы жана 250 Stinger ракетасын алышы күтүлүүдө.

Өзгөчө бул пакетте көп сандаган автоматтык курал, ок  - дары, Геркулес брондолгон аскердик унаалар, оор унаа ташуучулар жана тийиштүү кошумча каражаттардын да бар экендиги белгиленди.

Берилген маалыматта Тайванга курал сатуунун өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнө салым кошору белгиленип, аймактагы негизги аскердик тең салмактуулукту өзгөртпөй тургандыгы баса белгиленди.

Кытай өзүнө таандык аймак катары көргөн Тайванга көптөгөн жылдардан бери курал өткөргөн АКШ расмий түрдө бул өлкөнү таныбагандыгына карабастан коргонуу максатында курал сатууда.

Тайван президенттигинин өкүлү Чан Тун-хан курал сатууга байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берип өлкөсүнүн курал алуусун ылдамдатарын жана АКШ менен аскердик тармакта «дагы жакын карым  - катнаш» курарын белгилеген.

Курал сатуу сүйлөшүүлөрүнүн башталышы үчүн Конгресстин 30 күндүн ичинде эч бир нааразычылык билдирбеши керек. 30 күндүн акырында АКШнын Тайванга сунуш катын билдириши менен сатуу сүйлөшүүлөрү башталат.



Тектеш кабарлар