Ооганстандын Газне провинциясында жарылуу болду
Газне губернаторлугунун катчысы Ариф Нури, Газненин борборундагы Улуттук чалгындоо башчылыгынын имаратына бомба жүктөлгөн унаа менен кол салуу болгонун айтты.
Ооганстандын Газне провинциясындагы Улуттук чалгындоо башчылыгынын имаратына бомба жүктөлгөн унаа менен кол салуу болуп 12 киши каза тапты.
Газне губернаторлугунун катчысы Ариф Нури, Газненин борборундагы Улуттук чалгындоо башчылыгынын имаратына бомба жүктөлгөн унаа менен кол салуу болгонун айтты.
Кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 12 киши каза болгонун айткан Нури, 49 кишинин да жаракат алганын белгиледи.
Нури, каза болгондордон сегизөөнүн чалгындоо кызматкери экенин белгиледи.
Газне ооруканасынын маалымдашынча кол салууда жаракат алгандардын көбүнүн жаран экени баса белгиленди.
Кол салууну Талибан моюнга алды.
Окуянын Талибан өкүлдөрүнүн Катардын борбор шаары Дохада америкалык жооптуу кызматкерлер менен тынчтык процессине байланштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн убагына туура келгени көңүл бурду.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.