Орус оппозициячыл Навальныйга абак жазасы берилди
«Коррупция менен күрөшүү фондунун» куруучусу Алексей Навальный оппозициячыл журналист Иван Голуновго колдоо берүү митингине катышкандыгы үчүн 10 күн абак жазасына тартылды.

Орусиялык оппозициячыл активист жана «Коррупция менен күрөшүү фондунун» куруучусу Алексей Навальный оппозициячыл журналист Иван Голуновго колдоо берүү митингине катышкандыгы үчүн 10 күн абак жазасына тартылды.
Борбор шаар Москвада Хорошевский сотунда Навальный «Медуза» аттуу кабар порталында иштеген журналист Иван Голуновдун бир канча убакыт мурда камоого алынышына карата уюуштурулган уруксатсыз митингге катышкандыгы үчүн айыпталды. Ушуга окшогон кылмышты кайталагандыгы үчүн сот тарабынан Навальныйга 10 күн абак жазасы берилди.
Москвада өткөн айда камоого алынып андан кийин эркин койо берилген оппозициячыл журналист Иван Голуновго колдоо көрсөтүү үчүн өткөрүлгөн уруксатсыз митингде полиция орус оппозициячыл Алексей Навальный менен бирдикте Ройтерс, Der Spiegel жана оппозициячыл басма сөз органдарынын журналисттери менен 200дөн ашуун киши камоого алган.