Израиль күчтөрү Батыш Шериада 4 палестиналыкты жаралады

Бүгүн Рамаллах жана Батыш Шерианын түрдүү шаарларында  Бахрейндеги семинарга каршы  көп сандаган митинг өткөрүлгөн.

1224930
Израиль күчтөрү Батыш Шериада 4 палестиналыкты жаралады

 Израиль күчтөрү басып алынган Батыш Шериада Бахрейнде өткөрүлө турган «Бейкуттук үчүн тынчтык» аттуу экономика семинарына каршы чыккан митингчилерге кийлигишүү менен 4 палестиналыкты жаралады.

Батыш Шерианын түштүгүндөгү Ел Халил шаарында чогулган көп сандаган палестиналык митингчи АКШнын жол башчылыгында 25 – 26 -  июнда Бахрейндин борбор шаары Манамада өткөрүлө турган экономикалык семинарга каршылык көрсөтүү үчүн митинг өткөрүлдү.

Палестина байрактары менен көчөлөргө чыккан палестиналыктар Бахрейндеги экономикалык семинарга каршы ураандар менен жүрүштү.

Израиль аскерлери митингчилерге пластикалык ок жана көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, палестиналыктар болсо таш менен каршылык көрсөттү.

Палестина Кызылайынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Израиль күчтөрү митингчилерге кийлигишүү менен 4 палестиналыкты жаралады. Жаралангандардын экөөсү пластикалык ок менен жараланган.

Бүгүн Рамаллах жана Батыш Шерианын түрдүү шаарларында  Бахрейндеги семинарга каршы  көп сандаган митинг өткөрүлгөн.



Тектеш кабарлар