Индонезияда жер титирөө болду

АКШ геологиялык иликтөөлөр борбору болсо жер титирөөнүн чоңдугун 7, 5 балл деп билдирди.

1223926
Индонезияда жер титирөө болду

 Индонезиянын Малуку провинциясында 7,7 баллдык жер титирөө болду.

Индонезия метеорология, климат жана геофизикалык мекемеси эпицентри провинцияга караштуу түштүк – батыш Малуку аймагынын 245 километр түштүк  - чыгыш жакындарындагы 7,7 баллдык жер титирөөнүн жердин 231 километр астында болгондугун жарыялады.

Индонезия метеорология, климат жана геофизикалык мекемеси жер титирөөдөн кийин цунами белгисин берген жок. Жер титирөөнүн жоготууларга себеп болуп же болбогондугу да азырынча белгисиз.

АКШ геологиялык иликтөөлөр борбору болсо жер титирөөнүн чоңдугун 7, 5 балл деп билдирди.

Индонезияда 2018 -  жылы 28 -  сентябрда Сулавеси аралындагы Палу булуңунда болгон 7, 5 баллдык жер титирөө жана андан кийин болгон цунами Донггала, Палу жана Сиги аймактарын таасири астына алган. Аймактагы жер титирөө жана цунамиде 4 миң 340 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар