Сирияда Асад күчтөрү Идлибге кол салуусун токтотпой жатат

Асад режимине таандык согуштук учактар Кефренбил району, Кенсафра жана Быдама жергелери жана Жузеф, Кефер Баттих, Сфехен, Иблин, Урейнибе жана Маранд айылдарына кургактык жана абадан кол салды.

1223582
Сирияда Асад күчтөрү Идлибге кол салуусун токтотпой жатат

Сирияда Башшар Асад режиминин согуштук учактарынын «Идлиб чыңалууну азайтуу аймагына» абадан кол салуусунан үчү баладан турган 5 жаран каза тапты.

Асад режимине таандык согуштук учактар Кефренбил району, Кенсафра жана Быдама жергелери жана Жузеф, Кефер Баттих, Сфехен, Иблин, Урейнибе жана Маранд айылдарына кургактык жана абадан кол салды.

Жарандык коргонуу (Ак каскачандар) топторунан алынган маалыматка караганда Идлибдин түштүгүндөгү Жузеф айылына абадан кол салуу болуп үчү баладан турган кеминде 5 киши көз жумду.

Издөө-куткаруу иштери улантылып жатканда каза болгондордун саны көбөйүшү санааркатууда.

Асад режими жана колдоочусу Орусиянын «Идлиб чыңалууну азайтуу аймагына» кечээ кечинде абадан кол салуусунда да Серакиб районунда 2, Кенсефра жергесинде 1, Хан Эс Сүбүл жана Марзита айылдарында бирден болуп бардыгы 5 киши каза тапкан, 23төн ашык киши жаракат алган.

Аскердик оппозициячылдарга таандык учак байкоочу пунктунун Орусияга таандык экенин билдирген согуштук учактары да Хама облусунун «Идлиб чыңалууну азайтуу аймагында» орун алган Кефер Зита жана Латамине райондору менен Тел Мелех жана Жуббейн айылдарына абадан кол салган.

Сириянын түндүгүндөгү Баб райондук борборунда болсо Эркин Сирия армиясына таандык унаага жайгаштырылган бомбанын зыянсыздаштырылууга аракет кылынган учурунда жарылып кетишинин себебинен 1 киши каза таап, 1 киши жаракта алды. Ал кол салууну моюнга алган эч ким чыга элек.

Коопсуздук бөлүктөрү кол салуунун террордук уюм ЙПГ/ПКК тарабынан болгонунун ыктымалдуулугуна токтолушууда.

Кечээ түшкү убактарда Баб райондук борборунда бомба жүктөлгөн мотоциклдин жардылышынын себебинен 13 жаран жаракат алган.



Тектеш кабарлар