Орусиядан АКШ - Иран согушу тууралуу эскертүү

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков АКШнын Иранга карата ойлонбостон таштай турган кадамдардын жыйынтыктарына көңүлдөрдү бурду.

1222874
Орусиядан АКШ - Иран согушу тууралуу эскертүү

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков АКШнын Иранга карата ойлонбостон таштай турган кадамдардын жыйынтыктарына көңүлдөрдү бурду.

Рябков АКШнын президенти Дональд Трамптын кечээ Иранга карата бир аба кол салууну бекиткендиги бирок бир канча убакыттан кийин бул чечиминен баш тарткандыгына байланыштуу сөздөргө Сочиде баа берди.

АКШны булуңдагы араздашууну атайын күчөтүү менен күнөөлөгөн Рябков : «Аймакты ачык кагылышуулар болгон боштукка желеп жатышат. Пентагон тескерисин айтса да толугу менен эмнеден сөз кылып жатканыбызды түшүнгөндүгүн ойлобойм»,- деди.

Рябков Ирандын тегерегинде болуп жаткан окуялардын тынчсыздантуучу экендигин белгилеп : «АКШны Иранга карата таштай турган кадамдардын жыйынтыктарын ойлонууга чакырабыз. Эки өлкөнүн ортосундагы абал согуштун босогосунда тең салмактанууда жана бул абдан коркунучтуу»,- деди.

Американын New York Times гезити атын билдирбеген кээ бир жогорку мартабалуу жетекчилерге таянып берген кабарында Трамптын Иранга карата кол салуу чечиминен акыркы учурда баш тарткандыгын билдирген.



Тектеш кабарлар