Грузияда митинг болду
Грузиянын борбор шаары Тбилисиде оппозиция жактоочусу миңдеген киши Орусия делегациясынын сапарынан улам парламентти курчоого алып ичкери кирүүгө аракет кылды.
Грузиянын борбор шаары Тбилисиде оппозиция жактоочусу миңдеген киши Орусия делегациясынын сапарынан улам парламентти курчоого алып ичкери кирүүгө аракет кылды.
Тбилисиде ачылышы мурунку күнү болгон 26 - Ортодокс парламенттер аралык ассамблеясынын экинчи күндөгү отурумуна Орусия делегациясына Орусия Коммунисттик партиясынын мүчөсү жана Орусия Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гаврилов жетекчилик кылды. Гавриловдун парламентке кайрылуусуна каршылык көрсөткөн оппозиция менен миңдеген киши парламент имаратынын алдына чогулду.
Парламент башчысы Ыракли Кобакхидзе жана кээ бир жетекчилерди отставкага кетүүгө чакырган жана саны 10 миңден ашкан митингчилер парламентти курчоого алып, ичкери кирүүгө аракет кылды. Коопсуздук күчтөрү калемпир газы жана пластикалык ок колдонуу менен митингчилердин парламентке киришине тоскоол болду.
Түрдүү саясий партия жана жарандык коом мекемелери уюштурган митингде сөз сүйлөгөн митингчилер Грузия өкмөтүн Орусияга каршы таасирсиз саясат жүргүзүү менен айыптап Парламент төрагасы, ички иштер министри жана ассамблеяны уюштурган баарын арыз берүүгө чакырды.
Митингчилер коопсуздук күчтөрү тарабынан калемпир газ, пластикалык ок жана басымдуу суу колдонуу менен таркатылды.
Тектеш кабарлар
Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлеринин жыйыны эртең башталат
Жыйында 2 күн бою эл аралык күн тартибиндеги маселелер каралат.