Багдатта мечике кол салуу жасалды
Кол салууда 10 киши каза болуп, 30 киши жараланды.
1222879
Ирактын борбор шаары Багдатта жума намазы учурунда бир мечитке жасалган жан кечтилик кол салууда 10 киши каза болуп, 30 киши жараланды.
Жергиликтүү медиада орун алган кабарларга караганда Багдаттын чыгышындагы Беледият аймагындагы шииттерге таандык Ел - Мунтазар мечитине кирген жан кечтилик кол салуучу денесине жайгаштырылган бомбаны жардырды.
Кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 10 кишинин каза болгондугу, 30 кишинин жаралангандыгы белгиленди. Өткөн мезгилдерге караганда тынчтык өкүмдүк кылган Багдатта бир канча убакыттан бери ыбадат жерлерин бутага алган мындай кол салуулар болбой жаткан.
Тектеш кабарлар
"Вампир" өлүмчүл бактериялары
Өлүмчүл бактериялардын адамдын каны менен азыктанат деген тыянак чыгарылды.