Афган аял журналист кесибин таштоого мажбур болду
Афганстанда журналист жана аял укуктарынын коргоочусу активист Залма Хароти өлүм менен коркутулгандыктан кесибин таштады.
Афганстанда журналист жана аял укуктарынын коргоочусу активист Залма Хароти өлүм менен коркутулгандыктан кесибин таштады.
Афганстандын таанылган телекөрсөтүү кабарчыларынан болгон Хароти борбор шаар Кабулда өткөн айда учуруган куралдуу кол салууда каза болгон Мине Менгел кылмышынын өлкөсүндөгү аял журналисттерди терең тынчсызданткандыгын айтты.
Өзүнүн да дайыма өлүм менен коркутулгандыгын айткан Хароти коркутуулардан улам жумушун таштоого мажбур болгондугун белгиледи. Коркутуулардын күч алышы менен кыска мөөнөткөн өлкө тышына чыккандыгын айткан Хароти кайтканда дагы эле ошол коркутуулардын улантыларын белгиледи.
Хароти : «Көптөгөн жолу өлүм менен коркутууларды алдым жана куралдуу кишилер тарабынан акмаландым, эми тышка да чыга албай калдым. Афганстанда коопсуздугум жок»,- деди.
Хароти : «Афганстанда акыркы учурларда өзгөчө аял активист жана аял журналисттерге карата кысым жана күч дагы да артты, бул да афган аялдарын тынчсыздантууда»,- деди.