ЕБ Комиссиясын мүчө өлкөлөрдүн улуттук энергетика жана климаттык планы канагаттандырган жок

ЕБ Комиссиясы, ЕБнин 2030-жыл үчүн энергетика жана климаттык максаттары багытында мүчө өлкөлөр сунуштаган улуттук план долбоорлору туурасында баа берүүлөрүн жарыялады.

1221245
ЕБ Комиссиясын мүчө өлкөлөрдүн улуттук энергетика жана климаттык планы канагаттандырган жок

Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясы, мүчө өлкөлөр сунуштаган улуттук энергетика жана климаттык план долбоорлорунун Биримдиктин 2030-жылдагы максаттарын камсыздабаганын билдирди.

ЕБ Комиссиясы, ЕБнин 2030-жыл үчүн энергетика жана климаттык максаттары багытында мүчө өлкөлөр сунуштаган улуттук план долбоорлору туурасында баа берүүлөрүн жарыялады.

ЕБне мүчө өлкөлөрдүн долбоор пландары менен 2030-жылы энергиянын кайра жаралуучу максаттары багытында 32 пайыздык катнашка жетүү мүмкүн болбой турганына көңүл бурулган баа берүүдө, энергетика түшүмдүүлүгү жаатында да максатталган 32,5 пайыздык өсүүнүн ишке ашпай турганы белгиленди.

Мүчө өлкөлөргө Париж климат келишиминин ишке ашырылышына дагы көп иш-аракет жумшоо чакырыгын салган баа берүүдө, улуттук пландын дагы кеңири саясаттарды камтуусу жана инвестицияларды шыктандыруусу керектиги белгиленди.

ЕБ Комиссиясынын сунуштамалары багытында мүчө өлкөлөрдүн улуттук пландарын күчтөндүрүүлөрү жана 2019-жыл бүткүчөктү акыркы формасын алуусу керек.



Тектеш кабарлар