Индонезияда жүргүнчүлөрдү ташыган кеме чөгүп кетти

Издөө-куткаруу иштеринде 30 киши куткарылып, 15 кишинин сөөгү чыгарылды.

1220565
Индонезияда жүргүнчүлөрдү ташыган кеме чөгүп кетти

 

Индонезияда жүргүнчүлөрдү ташыган кеменин чөгүп кетишинен 15 киши каза болду.

Жергиликтүү басма сөздөгү кабарларга караганда, кечээ Чыгыш Жава аймагындагы Суменеп аймагынын жээгинде 50дөн ашуун жүргүнчүнү ташыган кеме чоң толкундардын себебинен чөгүп кетти.

Издөө-куткаруу иштеринде 30 кишинин куткарылгандыгы, 15 кишинин сөөгү чыгарылганы белгиленди.

Аймакта издөө-куткаруу иштери уланып жатат.



Тектеш кабарлар