Египетте шайланган алгачкы мамлекет башчысы Мурси сот залында каза болду

Египеттин мамлекеттик телеканалы, мурдагы мамлекет башчысы Мухаммед Мурсинин сот залында эсин жоготуп каза болгонун жарыялады.

1220301
Египетте шайланган алгачкы мамлекет башчысы Мурси сот залында каза болду

Египетте демократиялык жолдор менен шайланган алгачкы мамлекет башчысы Мухаммед Мурси сот залында каза болду.

Египеттин мамлекеттик телеканалы, мурдагы президентинин сот залында эсин жоготуп каза болгонун жарыялады.

Кулатылган лидердин сот жараяны жүрүп жаткан залда алгач абалы начарлаганы, андан соң көз жумганынын кабары берилди.

Жергиликтүү басма сөздүн кабарларында Мурсинин сот убагында судьядан сөз алып сөз сүйлөгөнү белгиленди.

Соттун аякташынан кийин сот залында эсин жоготкон Мурси ошол жерде көз жумду.

Египеттин башкы прокурору Набил Садык, жазуу түрүндөгү жарыясында Мурсинин сотто 2013/56458 номердүү доонун каралган убагында көз жумганы тууралуу маалымат алгандарын билдирди.

Сот убагында калган шектүүлөрдүн коргонуулары бүткөндө Мурсинин сөз сүйлөө үчүн уруксат сураганы жана ага сөз берилгенин билдирген Садык, Мурсинин 5 мүнөттүк сөз сүйлөөсүнөн кийин сот аяктаганын маалымдаган.

Жарыяда башка шектүүлөр менен сот залындагы капаста турган убагында эсин жоготуп кулаган Мурсинин дароо ооруканага жеткирилгени жана каза болгону түшүнүктүү болгону белгиленди.

Египеттин мурдагы президенти Мухаммед Мурси, 2012-жылы өлкөнүн бешинчи шайлоо менен кызматка келген алгачкы президенти болду.

Мурси, 2013-жылы 3-июлда Сиси баштаган Египеттин куралдуу күчтөрүнүн аскердик төңкөрүшү менен кулатылды.

Мурси болсо төңкөрүштү кабыл албаганын жарыялады жана төңкөрүшкө туруштук берүү чакырыгын салды.

Төңкөрүштөн кийин камакка алынган Мурси, орто эсеп менен 6 жылдан бери камакта сот иштери жүргүзүлүп жаткан болчу.

Ден-соолугу акыркы бир жылда начарлап кеткени маалымдалган.



Тектеш кабарлар