Израиль күчтөрү басып алган Батыш Шериада 22 палестиналыкты камоого алды

Азыкы учурда жалпы 5700 киши камоодо жана алардын ичинен 230зу балдар.

1219739
Израиль күчтөрү басып алган Батыш Шериада 22 палестиналыкты камоого алды

 

Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Батыш Шерианын түрдүү аймактарына түнү жасалган тинтүүлөрдө «террордук кыймылга аралашты» деген негиз менен 22 палестиналык камоого алынды. Маалыматта камалган палестиналыктардын аймактагы камоого алуу борборуна жиберилгендиги белгиленди.

Басып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста бат  - бат үйлөрдү тинткен Израиль күчтөрү түрдүү ырастоолор менен палестиналыктарды камоого алууда.

Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста көнүмүш адатка айланган камоолордон кийин араларында аялдар менен балдар болгон палестиналыктардын кээ бирлери көптөгөн күн камоо борборлорунда кармалууда.

Палестина расмий булактарына караганда Израиль абактарында 500гө жакын киши административдик камоодо,  жалпы 5700 киши камоодо жана алардын ичинен 230зу балдар.



Тектеш кабарлар