Египеттин мурдагы президенти Мухаммед Мурси сот залында каза болду

Египеттин мамлекеттик телеканалы, мурдагы президентинин сот залында каза болгонун жарыялады.

1220146
Египеттин мурдагы президенти Мухаммед Мурси сот залында каза болду

Египетте демократиялык жолдор менен шайланган алгачкы мамлекет башчысы Мухаммед Мурси, сот залында каза болду.

Египеттин мамлекеттик телеканалы, мурдагы президентинин сот залында каза болгонун жарыялады.

Кулатылган лидердин сот жараяны жүрүп жаткан залда алгач абалы начарлаганы, андан соң көз жумганынын кабары берилүүдө.

Бул учурда президент Режеп Таййип Эрдоган: «Шейит Мурси тууганыбыздын жаткан жери жайлуу болушун тилеймин»,-деди.

Өлүм кабарын Стамбулда журналисттер менен бөлүшкөн Эрдоган, Египет калкына да кайрат айтты.

Президент Мухаммед Мурсинин Египетте төңкөрүш менен бийликти колго алган зулум Абдулфеттах Сиси тарабынан миңдеген жолдошу менен бирге көп жылдардан бери абакта кармалганын эске салды, ал.

Египеттин мурдагы президенти Мухаммед Мурси, 2012-жылы өлкөнүн бешинчи шайлоо менен кызматка келген алгачкы президенти болду.

Мурси, 2013-жылы 3-июлда Сиси баштаган Египет Куралдуу күчтөрүнүн аскердик төңкөрүшү менен кулатылды.

Мурси болсо төңкөрүштү кабыл албаганын жарыялады жана төңкөрүшкө туруштук берүү чакырыгын салды.

Төңкөрүштөн кийин камакка алынган Мурси, орто эсеп менен 6 жылдан бери камакта сот иштери жүргүзүлүп жаткан болчу.

Ден-соолугу акыркы бир жылда начарлап кеткени маалымдалган.

 



Тектеш кабарлар