БУУ : Идлибде 3 миллион киши тобокелчиликте жашап жатат
Жарандык коргоо боюнча булактар 25 - апрелден бери 126 жарандын каза болгондугун, 325тен ашуун жарандын жаралангандыгын билдирди.
БУУнун Качкындар Жогорку Комиссары Филиппо Гранди Түркия жана Орусиянын ортосундагы Идлиб макулдашуусунун сакталышы керектигин баса белгилеп, бул аймакта жашаган 3 миллион кишинин тобокелчилик менен жашап жаткандыгын айтты.
Гранди Сирияда режим күчтөрү жана колдоочуларынын Идлиб араздашууну азайтуу аймагына карата катуу кол салууларына байланыштуу Анадолу агенттигине маалымат берди. Маалыматта : «Түркия менен Орусиянын ортосундагы Идлиб макулдашуусунун сакталышы керек анткени азыркы учурда кишилердин жерлеринен чыгып кетишинен тынчсыздануудабыз»,- деген Гранди : «Идлиб аймагында жашаган 3 миллион киши тобокелчиликте жашап жатат. Бул бир маселе»,- деди.
БУУнун Сирия гуманитардык жардам боюнча координатору Панос Мумцистин Сириянын түндүгүндөгү кагылышуулардын күч алышы менен 2 миллионго жакын жарандын Түркияга кирүүнү каалашы мүмкүн экендигин эскерткенине да токтолгон Гранди бул тууралуу кандайдыр бир болжол жүргүзүүнүн кажети жок экендигин айтты.
Режим колдоочуларынын жардамы менен 2018 - жылы 17 - сентябрда Түркия жана Орусиянын ортосунда Сочиде кол коюлган макулдашууга карабастан кол салууларын улантууда.
Жарандык коргоо боюнча булактар 25 - апрелден бери 126 жарандын каза болгондугун, 325тен ашуун жарандын жаралангандыгын билдирди.