Хусилер Сауд Арабияда аэропортту атты

Кол салууда түрдүү улуттардан 26 киши жараланды.

1217319
Хусилер Сауд Арабияда аэропортту  атты

Сауд Арабия түштүктөгү Асир аймагындагы эл аралык Абха аэропортуна Йемендеги хусилер тарабынан жасалган кол салууда түрдүү улуттардан 26 кишинин жаралангандыгын жарыялады.

Сауд Арабиянын расмий маалымат агенттиги СПАнын кабарына караганда Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция катчысы Турки ел  - Малики хусилердин бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:21де эл аралык Абха аэропортуна  террордук кол салуу жасагандыгын белгиледи.

Хусилердин аэропортунда миңдеген жүргүнчү колдонгон келүү залын аткандыгын белгилеген Малики кол салууда түрдүү улуттардан 26 жүргүнчүнүн жаралангандыгын айтты.

Бир тараптан хусилер Сауд Арабиядагы эл аралык Абха аэропортуна "cruise" ракетасын атышкандарын жарыялады.

Хусилер акыркы жылдарда жалпысынан Сауд Арабия абадан коргонуу системасы тарабынан таасирсиз абалга келтирилген орто жана узун аралыктуу баллистикалык ракеталар менен өлкөнүн кээ бир аймактарын бутага алып жаткан.

Йемендеги хусилер 2014 – жылдан бери борбор шаар Сана жана кээ бир аймактардын текшерүүсүн колго алган. Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү болсо 2015 -  жылы март айынан бери хусилерге каршы Йемен өкмөтүнө жардам берүүдө.



Тектеш кабарлар