БУУ Суданды айыптады

БУУнун Коопсуздук кеңешинин жазуу түрндөгү жарыясында, «БУУнун коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Суданда акыркы убакта болгон зомбулук окуяларын катуу айыптайт жана жарандардын каза болушу, жаракат алышы темасындагы кайгысын билдирет»,делди.

1217418
БУУ Суданды айыптады

БУУнун Коопсуздук кеңеши Суданда акыркы убакта болгон зомбулук окуяларын катуу айыптады.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин жазуу түрндөгү жарыясында, «БУУнун коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Суданда акыркы убакта болгон зомбулук окуяларын катуу айыптайт жана жарандардын каза болушу, жаракат алышы темасындагы кайгысын билдирет»,делди.

БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөрдүн Суданда жарандарга багытталган күч колдонуунун дароо токтотулушу керектиги боюнча чакырык салганына басым жасалган жарыяда, адам укуктарынын урматталышынын, жарандардын корголушунун, жооптуулардын жооп беришинин жана адилеттиктин камсыздалышынын маанисине токтолгону белгиленди.

Анда, БУУнун Коопсуздук кеңешинин Судандагы Аскердик өткөөл кеңешинин окуяларды изилдөө билдирүүсүн эске алгандарына көңүл бурулуп, БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриштин Судан темасында аймактык жана эл аралык аракеттерди улантуусу үчүн колдоого алынганы да баса белгиленди.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин Судандын ынтымагы, эгемендиги, көз карандысыздыгы жана жеринин бүтүндүгүнө күчтүү колдоо көрсөтөөрүнө басым жасалып, «БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү бардык үлүштөштөрдү учурдагы кризистин эки тараптуу макулдашууга баш ийүү менен чечилиши үчүн биргелешип иштөөнү улантууга чакырды»,делди.



Тектеш кабарлар