ЙПГ/ПККнын кол сатындагы аймактарда өрт коркунучу

Сирияда ЙПГ/ПКК террордук уюм басып алган аймакта чыккан өрттөр нефть комплекстерин коркунучка сала турганчалык өлчөмгө жетти.

1216554
ЙПГ/ПККнын кол сатындагы аймактарда өрт коркунучу

Сирияда ЙПГ/ПКК террордук уюм басып алган аймакта чыккан өрттөр нефть комплекстерин коркунучка сала турганчалык өлчөмгө жетти. Эл өрттөрдөн уюмдун жооптуу экендигин ойлоп жатат.

Уюм басып алган Хасеке облусунун түндүк элетинде Кахтанийе, түштүк элетинде Меркеде аймактары менен Камышлы районунун элетинде акыркы күндөрдө көп сандаган талаада өрт чыкты.  50 миң гектардык аянт өрттөнүп, Кахтанийеде  кечээ чыккан өрттүн нефть тазалоо комплекстерине карай кетиши дүрбөлөңдүн чыгышына себеп болду.

Сириянын чыгышындагы Дейризор облусунун Бахоз аймагында болсо ЙПГ/ПКК кечээ кол салуу жасаган Немлийе жана Эбу Нитил айылдарына ташталган минометтордон улам өрт чыкты.

ЙПГ/ПКК акыркы 15 күндөн бери Ракка жана Дейризор облустарында басып алган аймактарда араптарга таандык дыйканчылык аянттарын аткылоодо. Эл Хасекеде да ошол эле кыймылды баштаган уюмга каршы жерлерде күзөттө турат. Уюм Сириянын үчтөн бир бөлүгүн басып алган.



Тектеш кабарлар