Европа Биримдигинен Суданга чакыруу

Европа Биримдиги Суданга акыркы күндөрдөгү окуялар тууралуу териштирүү баштоого чакыруу салды.

1214523
Европа Биримдигинен Суданга чакыруу

 Европа Биримдиги Суданга акыркы күндөрдөгү окуялар тууралуу териштирүү баштоого чакыруу салды.

Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаттарынын жогорку өкүлү Федерика Могеринин офисинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Африка Биримдигинин тынчтык жана коопсуздук кеңешинин Судандын мүчөлүгүн токтотуу өлкөдө тынчтыктын кайрадан курулушу үчүн керектүү критерияларды ортого салгандыгы белгиленди.

Саясий себептер менен камоого алынган бардык судандык жарандардын эркин койо берилиши үчүн чакыруу салынган маалыматта күч колдонуунун чукул түрдө токтотулушу жана акыркы мезгилдеги окуяларга байланыштуу коопсуздук териштирүүнүн баштатылышы керектиги билдирилди.

Африка Биримдигинин тышкы күчтөрдүн кийлигишүүдөн алыс болушу керектигине байланыштуу чакыруусунун ишке ашырылышынын мааниге ээ экендиги баса белгиленген маалыматта жаңы Африка Биримдигинин жарандык эрктин Суданда башкарууну өткөрүп алышына тоскоол болгон кишилерге карата жаза санкциясынын ишке ашырылышы мүмкүн экендигине байланыштуу билдирүүнүн берилгендиги белгиленди.

Судан коопсуздук күчтөрү дүйшөмбү күнү эрте менен борбор шаардагы армия штабынын алдында чогулган митингчилерге чыныгы ок жана көздөн жаш агызуучу газ колдонуп таркаткан. Судан дарыгерлер комитети ушул кезге чейин 108 кишинин каза болгондугун жарыяласа, Судан саламаттык сактоо министрлиги каза болгондордун санын 46дан ашпагандыгын билдирген.



Тектеш кабарлар