Газпромдон Украинага бааларды арзандатуу сунушу

Орусия энергетика фирмасы Газпромдун төрагасы Алексей Миллер Украинага 25 пайыздык арзандатуу менен жаратылыш газ өткөрүүгө даяр экендерин айтты.

1214765
Газпромдон Украинага бааларды арзандатуу сунушу

Орусия энергетика фирмасы Газпромдун төрагасы Алексей Миллер Украинага 25 пайыздык арзандатуу менен жаратылыш газ өткөрүүгө даяр экендерин айтты.

Миллер Санкт Петербург эл аралык экономика форумунун негизинде Украинадагы Орусия жактоочусу оппозициячыл платформасынын лидери Виктор Медведчук жана Юрий Бойко менен жолугушту. Жолугушууда Украина менен Газпромдун ортосунда жатарылыш газ тууралуу сүйлөшүүлөрүнө токтолгон Миллер : «Украинага карата жаратылыш газ сатуу тууралуу бир келишим, Украина аркылуу Европага жиберле турган газ тууралуу бир келишимден дагы маанилүү»,- деди.

Миллер Газпромдун Украинага саткан жаратылыш газда арзандатуунун болушу мүмкүн экендигин баса белгилеп: «Украинага өткөрө турган жаратылыш газдын баасында 25 пайыздык арзандатууга даярбыз»,- деди.

Украина 2015 -  жылы ноябрь айында Орусиядан жаратылыш газ импортун токтоткон. Эки өлкөнүн ортосундагы жаратылыш газ өткөрүүгө жана Орусия газынын Украина аркылуу Европага жиберилишине байланыштуу келишимдин мөөнөтү 2019 -  жылдын аягында бүтөт.



Тектеш кабарлар