Нидерландияда 4,5 жылдын ичинде орто эсеп менен 1600 качкын бала жоголду

Өлкөдөгү NRC гезитинде орун алган кабарда, журналисттин жоголгон баш калкалоочу балдар тууралуу жасаган изилдөөсүнө орун берилди.

1213148
Нидерландияда 4,5 жылдын ичинде орто эсеп менен 1600 качкын бала жоголду

Нидерландияда качкындар лагеринде 4,5 жылдын ичинде орто эсеп менен 1600 качкын бала жоголду.

Өлкөдөгү NRC гезитинде орун алган кабарда, журналисттин жоголгон баш калкалоочу балдар тууралуу жасаган изилдөөсүндө Борбордук качкындарды баш калкалатуу органы (COA) жана асыроо милдетин аткарган Нидос фондунан маалыматтар чогултулганы белгиленди.

Бул маалыматтар боюнча өлкөдөгү орто эсеп менен 1600 качкын баланын жоголгонунун жана көргөн күндөрү кандай болоору билинбегени белгилүү болгону айтылган маалыматтарда, качкын балдардын адам соодагерлеринин колуна түшкөндөрү тууралуу белгилер алынганы маалымдалды.

Нидос фондунун көрсөткүчтөрү мындан мурдагы изилдөөлөрүнө кошулбаганы үчүн бул сандын билинген сандан дагы көп болгонуна шилтеме кылынган кабарда, жоголгон качкын балдардын чоң бөлүмүнүн Марокко, Ооганстан жана Алжир тектүү экендиктери белгиленген.

Маалыматта, бул өлкөлөрдөн кеткен качкын балдардын өлкөдө жашоо уруксатын алуу мүмкүнчүлүктөрүнүн аз болгону, бирок жашоо укугун алуу мүмкүнчүлүгү жогору болгон айрым сириялык жана эритреялык балдардын дагы жоголгону белгиленди.



Тектеш кабарлар