Таиландда эки жаңы динозавр түрү табылды

Таиландда 30 жылга жакын убакыт мурда табылган жана музейге алып барылган фосил калдыктарынын эки жаңы динозавр түрүнө таандык экендиги аныкталды.

1211265
Таиландда эки жаңы динозавр түрү табылды

Таиландда 30 жылга жакын убакыт мурда табылган жана музейге алып барылган фосил калдыктарынын эки жаңы динозавр түрүнө таандык экендиги аныкталды.

Physте берилген кабарга караганда 30 жылга жакын убакыт мурда табылган жана Сириндхорн табигый музейине коюлган фосил калдыктары боюнча эмгектенген Бонн университетинин илимпоздору фосилдердин эки башка жана жаңы динозавр түрүнө таандык экендигин тактады.

«Динозаврлардын королу» деп билинген Tyrannosaurus rex (T-rex) менен тууган экендиги белгилеген түрлөрдүн боюнун орточо 6 метр экендиги белгиленди. Түрлөрдү тапкан илимпоздордон Адун Самати "Phuwiangvenator" жана "Vayuraptor" деп аталган динозаврлардын ылдам жана коркунучтуу аңчылар болгондугуна көңүлдөрдү буруп : «Араларындагы жакындыкты жана айырмачылыкты Африкадагы жырткыч мышык түрлөрү аркылуу түшүнүүгө аракет кыла турган болсок Phuwiangvenator түрүн арстан, Vayuraptor түрүн болсо чөөлөр сыяктуу көрө алабыз»,- деди.

Табылган түрлөргө таандык фосилдер табылган Сириндхорн табият музейинин курулушуна арналган иш чаралардын негизинде зыяратчыларга ачылды.

Ачылууга Таиланд королдук үй – бүлөсүнүн мүчөсү принцесса Маха Чакри Сириндхорн да катышты.

 



Тектеш кабарлар