Жамму Кашмирде кагылышуулар болду

Кол салууда бир киши каза болуп, элүүдөн ашуун киши жараланды.

1211272
Жамму Кашмирде кагылышуулар болду

 Индиянын Жамму Кашмир аймагында индиялык  коопсуздук күчтөрүнүн көз карандысыздык жактоочусу топторунун митингдерине кийлигишүүсү менен бир киши каза болуп, элүүдөн ашуун киши жараланды.

Жергиликтүү жетекчилерден алынган маалыматка карганда окуялар Кулгам аймагында бир группа күрөшчү менен Индия коопсуздук күчтөрүнүн арасында чыккан куралдуу кол салуу менен башталды.

Коопсуздук күчтөрү кагылышуунун башталышы менен аймакта чогулган куралсыз калың элге пластиналык ок жана көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишти.

Кулгам башкы дарыгери Фазыл Колчак кийлигишүүдөн киийн элүүдөн ашуун жаралуу митингчинин аймактагы оорукана жана поликлиникаларга жиберилгендигин, абалы оор болгон жетөөсүнүн борбор шаар Сринарага жиберилгендигин айтты.



Тектеш кабарлар