Сириядагы абадан кол салууларда 5 жаран каза болду

Асад режими жана колдоочуларынын акыркы 3 күндө жасаган кол салуусунда 40тан ашуун жаран каза болду.

1211386
Сириядагы абадан кол салууларда 5 жаран каза болду

Сирияда Башар Асад режимине таандык аскердик учактардын Идлиб араздашууну азайтуу аймагындагы отурукташуу жерлерине жасалган абадан кол салууларда 5 жаран каза болду.

Асад режими эрте мененки сааттардан баштап Идлиб араздашууну азайтуу аймагынын ичиндеги район жана айылдарга кургактыктан жана абадан кол салды.

Жарандык коргонуу булактарынан алыган маалыматка караганда абадан кол салууларда Марратиннуман районунда 5 жаран каза болуп, көп сандаган киши жараланды.

Ушундайча Асад режими жана колдоочуларынын акыркы 3 күндө жасаган кол салуусунда 40тан ашуун жаран каза болду.

Жарандык коргонуу топтору катуу бомбалоонун астында изилдөө – куткаруу иштерин улантып, каза болгон жана жаралангандардын санынын өсүшүнөн тынчсызданууда.



Тектеш кабарлар