Дунай дарыясында издөө-куткаруу иштери уланып жатат
Кемеде 35 киши болгон.
1210986
Венгриянын баш калаасы Будапешттеги Дунай дарыясында болгон жана 7 кишинин өмүрүн алган кеме кырсыгында 7 киши жаралуу кутулса, 21 киши изделип жатат.
Дунай дарыясында түштүк кореялык 33 турист жана экипаждын 2 венгер мүчөсү менен бирге жалпы 35 кишини ташыган туристтик кеме башка кеме менен кагышып чөгүп кетти.
Өзгөчө кырдаалдар кызматынын басма сөз катчысы Пал Гйорфи, кырсыктан жаралуу кутулган 7 кишинин ооруканада дарыланып жатканын белгиледи.
Кечээ болгон кырсыкта 7 кишинин сөөгү табылган болчу.
Кемедеги берки 21 кишини издөө-куткаруу иштери уланып жатат.
Тектеш кабарлар

АКШ Израилге курал сатууну бекитти
АКШнын Мамлекеттик департаменти Израилге 7,4 миллиард долларлык жаңы курал сатат.